ОКӨФ Чоң-Алай районуна айыл чарба техникаларын алууга 1.1 млн доллар берет

ОКӨФ Чоң-Алай районуна айыл чарба техникаларын алууга 1.1 млн доллар берет

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Ош облусунун Чоң-Алай районуна айыл чарба техникаларын алып келүү долбоорун колдойт. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү келишимге «СЕВЕР-ЮГОЙЛ» компаниясы менен кол коюлган. Фонд ага 1 млн 194 миң доллар өлчөмүндө 7 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген насыя берет. Бул каражатка ишкана Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында машина-трактор станциясын (МТС) ачып, 70тен ашык айыл чарба техникаларын сатып алат.

МТСтин кызматтары дыйкандарга автоматташтырылган эмгекке, ошондой эле картошканы, буудайды, арпаны жана көп жылдык чөптөрдү кайра иштетүү жана жыйноо үчүн техникаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

ОКӨФтүн төрагасы Артем Новиков долбоордун аркасында Чоң-Алай районунда жаңы жумуш орундары түзүлөөрүн билдирди. Анын айтымында, натыйжада, дыйкандардын өндүрүмдүүлүгү жогорулайт, жер иштетүүгө кеткен чыгым төмөндөйт. Долбоор аймактагы айыл чарба техникаларынын жетишсиздигин 40% толуктайт. Айдоо аянттары көбөйүп, жылына 720 гектарга чейин кошумча жер айдалат.

Жабдууларды ижарага алуунун эсебинен үнөмдөлгөн продукциянын наркы 10%га, ал эми себүү жана жыйноо убактысы эки жумага кыскарат. Иштер эртерээк башталат, анткени дыйкандар башка аймактардан техниканын бошошун күтүшпөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Корея токойлорду калыбына келтирүү боюнча кызматташат

Кыргызстан менен Корея токойлорду калыбына келтирүү боюнча кызматташат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын делегациясы Кореяда иш сапар менен болуп, эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Токой кызматы билдиргендей, делегацияны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев жетектеди. Иш-чаранын жүрүшүндө Кореянын Токой кызматынын министри Пак Ын Сик баштаган расмий өкүлдөр менен жолугушуу болуп өттү. Анда эки өлкө ортосунда токой

“Бала ырысы” жөлөк пулун кандай шарттарда алса болот?

“Бала ырысы” жөлөк пулун кандай шарттарда алса болот?

“Бала Ырысы” жөлөк пулу 1-июлдан тарта 3 жашка чейинки балдарга, үй-бүлөнүн социалдык экономикалык абалына карабастан жана 3 жашка чейинки бала ата-энеси менен же баккан адам менен чогуу жашаган учурда, “Бала Ырысы” ар айлык мамлекеттик жөлөк пулу 1200 сом өлчөмүндө киргизилүүдө. Кыргызстандын калкынын 38%ын балдар түзөт. Улуттук

Өлкөдөгү мыкты салык төлөөчүлөр сыйланышты

Өлкөдөгү мыкты салык төлөөчүлөр сыйланышты

Бүгүн, Мамлекеттик салык кызматында КРнын Салык кызматкерлеринин күнү салтанаттуу иш-чара менен белгиленди. Иш-чарага салык кызматынын жетекчилиги, кызматкерлери жана мыкты деп таанылган салык төлөөчүлөр келип катышышты. Анын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Салык кызматы мамлекеттик бюджетке кирешелердин туруктуу түшүүсүн камсыздап, өлкө экономикасын өнүктүрүүдө жана салыктык

Ош шаарынын казынасы 7,5 млрд сомго жетти

Ош шаарынын казынасы 7,5 млрд сомго жетти

Ош шаарында салыктык түшүүлөр 1 млрд 683 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 505 млн сомго көбөйдү. Бул тууралуу Салык кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн иш-чарада калаа башчысы Жанар Акаев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы эки жылда Ош шаарынын жергиликтүү бюджети 2 эсеге өсүп, 2026-жылга карата трансферттер менен