Жаштар ашыкча – Министрлер кабинети кыргызстандыктарды чет мамлекеттерге иштөөгө жөнөтүүнү көздөөдө

Жаштар ашыкча – Министрлер кабинети кыргызстандыктарды чет мамлекеттерге иштөөгө жөнөтүүнү көздөөдө

Министрлер кабинети жаш муундагы жумушчу күчү арбын деп, аларды чет өлкөгө иштөөгө жөнөтүүнү уюштуруу жолдорун кароодо. Бул президенттин «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган жыйында эмгек мигранттарын уюшкандык менен ишке орноштурууга мамлекеттик органдардын ишин координациялоону күчөтүү жөнүндө кеп болду.

«Албетте, Министрлер кабинетинин негизги артыкчылыктуу иши өлкөнүн ичинде жумушчу орундарын түзүү болуп саналат. Учурда биз республикага тейлөө көрсөтүү жана өндүрүш тармагындагы гана эмес, мектептерге, ооруканаларга, мамлекеттик мекемелерге да адискөй кадрларды кайтарууга умтулуудабыз.

Бирок, жакынкы жылдары бизде жаштардын эсебинен жумушчу күчүнүн арбын болушу күтүлөт. Алардын чет өлкөдөн жакшы маяналуу жумушка орношуусу үчүн активдүү аракеттерди көрөбүз. Алар анда экономиканы өнүктүрүү жана ага инвестиция салуу үчүн талап кылынган көндүмдөрдү да ала алышат», – деди Байсалов.

Кеңешменин жыйынтыгында, мамлекеттик органдарга кыргызстандыктарга сапаттуу юридикалык көмөк көрсөтүү, камсыздандырууну киргизүү жана мыйзамдуу түрдө жумушка орноштурууну жеңилдетүү жаатында тапшырмалар берилди. Ошондой эле виза режимин жеңилдетүү жана ишке чыгуу мүмкүнчүлүгү боюнча келишим түзүү иштерин тездетүү тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган