Садыр Жапаров: Жакында тоо балыбыз, сүт азыктары, мөмө-жемиштер Кытайдын рыногуна кирет

Садыр Жапаров: Жакында тоо балыбыз, сүт азыктары, мөмө-жемиштер Кытайдын рыногуна кирет

Президент Садыр Жапаров учурда Кыргызстан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Кытайдын эл аралык CGTN телеканалына берген маегинде айтты.

«Жакында кытай рыногунда тоо балыбызды, сүт азыктарын жана мөмө-жемиштерди көрөсүңөр деп ишенем», – деди президент.

Ал ошондой эле акыркы бир нече жылда Кыргызстандын башка өлкөлөр менен соода жүгүртүүсүндө Кытай негизги орунду ишенимдүү ээлегенин баса белгиледи. Коронавирус пандемиясына карабастан, сооданын өсүшү 2021-жылы басаңдаган эмес.

«Кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыгын мындан ары чыңдоо үчүн айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, экология, энергетика, кичи жана орто бизнести колдоо сыяктуу маанилүү тармактарда комплекстүү иштерди жүргүзүү, эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, банктык-финансылык платформаларды түзүү, инвестициялык долбоорлорду стимулдаштыруу, ошондой эле электрондук коммерциянын артыкчылыктарын натыйжалуу пайдалануу маанилүү деп эсептейм», – деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды