Садыр Жапаров: Жакынкы арада Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштайбыз

Садыр Жапаров: Жакынкы арада Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштайбыз

Жакынкы арада Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кытайдын CGTN эл аралык телеканалына берген маегинде билдирди.

Жапаровдун айтымында, учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору макулдашуу стадиясында турат. КРнын президенти бул жолду достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана туруктуу өнүгүүнүн жолу деп атап, анын курулушу жакынкы арада башталаарына ишенээрин айтты.

«Бул долбоор экономикалык потенциалы жагынан караганда масштабдуу. Темир жолдун курулушу Кыргызстан менен Өзбекстандын гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн транспорттук жана транзиттик потенциалын жогорулатат, анткени учурдагы иштеп жаткан темир жолдор Кытайдан башка өлкөлөргө, ошондой эле Европага ташылган товарлардын агымына туруштук бере албай бара жатат. Бул эл аралык мультимодалдык логистикалык борборлорду жана өнөр жай кластерлеринин тармагын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Долбоор ар дайым эки тараптуу мамилелердин күн тартибинде турат, анын маңызы жана максатка ылайыктуулугу боюнча эч кандай саясий пикир келишпестиктер жок, долбоордун техникалык аспектилерине жана каржылык бөлүгүнө тиешелүү гана маселелер бар, аларды учурда үч өлкөнүн адистери иштеп жатышат. Биргелешкен аракет менен жакынкы аралыкта бул жолдун курулушун баштайбыз деп ишенем», – деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган