Таластын төө буурчагын экспорттоо ГМО сертификаты жоктугунан токтоп калышы мүмкүн – лаборатория керек

Таластын төө буурчагын экспорттоо ГМО сертификаты жоктугунан токтоп калышы мүмкүн – лаборатория керек

Таластын төө буурчагын экспорттоо экспорттоочулар тарабынан гендик модификацияланган организмдердин (ГМО) жок экендиги тууралуу сертификатка ээ болуу боюнча жаңы талаптардан улам токтоп калышы ыктымал. Бул тууралуу бир мандаттуу Манас шайлоо округунан депутат Дастанбек Жумабеков парламент жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Талас облусунда 100 млн долларлык төө буурчак өндүрүлүп, экспорттолуп жатканын белгиледи. Бирок акыркы жылдары продукцияны экспорттоо үчүн жаңы талаптар чыгып, ГМО жок деген сертификат алуу зарыл болууда.

«Таласта мындай лаборатория жок жана бул тышкы рынокко чыгууга тоскоолдук жаратууда, андыктан бул маселени тез арада чечүү керек», – деди Жумабеков.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган