Бишкектен Сауд Аравияга биринчи чартердик каттам учуп кетти

Бишкектен Сауд Аравияга биринчи чартердик каттам  учуп кетти

«Манас» эл аралык аэропортунда кечээ, 6-февралда «Эйр Манас» ата мекендик авиакомпаниясы тарабынан Бишкектен Джидда шаарына биринчи чартердик каттам аткарылды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

«Эйр Манас» авиакомпаниясы Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы биринчи оператору болуп дайындалып, Бишкек – Жидда багыты боюнча жумасына бир жолу (жекшемби) каттамдарды аткармакчы. Ал эми февраль айынын аягынан баштап жумасына төрт каттамга чейин көбөйөт.

Түз авиакаттамды ачуу аземине «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын өкүлдөрү, КРнын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов жана Сауд Аравия Королдугунун КРгы Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради жана «Эйр Манас» авиакомпаниясынын башкы директору Талгат Нурбаев катышты.

«Бишкек – Джидда түз авиакаттамынын ачылышы эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого, туристтердин санын көбөйтүүгө, ошондой эле зыяратчыларыбыздын акчасын жана убактысын үнөмдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле, Сауд Аравиянын башка шаарларынан да каттамдарды ачуу пландалууда», – деп билдирди Улукбек Марипов.

2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган КР менен Сауд Аравия Королдугунун өкмөттөрүнүн ортосундагы аба байланышы жөнүндө макулдашуунун негизинде КРнын туристтик потенциалын өнүктүрүү максатында аталган аба каттамы ачылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды