Быйыл 723 миң га жерге жазгы талаа иштери жүргүзүлөт

Быйыл 723 миң га жерге жазгы талаа иштери жүргүзүлөт

Быйыл 723.5 миң гектар жерге жазгы талаа жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүп кетиш үчүн быйыл мамлекет тарабынан акча каражаты эртерээк бөлүндү. Субсидиялоого быйыл 6%дан жогору кредит берилбейт деген чечим кабыл алынган. Ошонун 10% (520 млн сом) субсидиялоо максатында пайдаланылат.

«Быйылкы жылы жазга 723.5 миң гектар жерге жазгы талаа жумуштары жүргүзүлөт. Ал эми пайдаланылбаган жер 53.7 га түзөт, бирок аны 6.4 миң га жерге азайтуу пландалууда. Бирок ошондо деле 47 миң га жер пайдаланылбай калат», – деди ал.

Мындан тышкары, министр лизинг маселесинде быйыл биринчи жолу 426 млн сом акча айыл чарба техникасына, анын ичинде 200 млн сом тамчылатып жана жамгырлатып сугара турган техникаларды лизингге 4.5% менен алууга дыйкандарга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи.

«Бул каражаттын 125 млн сому өздөштүрүлдү, жакынкы арада 301 млн сом акча каражаты түшөт. Жалпы айыл чарбасын колдоого 26 млрд сом акча бөлүнүп жатат», – деди министр.

Эскерте кетсек, 2021-жылы кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы өткөн жылга (2020) салыштырмалуу дээрлик эки эсе кыскарып кеткен. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жай мезгилиндеги температуранын нормадан жогору болушу жана вегетация мезгилинде суунун жетишсиздиги себеп болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды