Кыргызстанда 1%га жетпеген эле асыл тукум мал бар

Кыргызстанда 1%га жетпеген асыл тукум мал бар. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстанда асыл тукум малдын үлүшү өтө эле аз жана алардын азыктуулугу дагы өтө төмөн. Ал учурда 1000 литрге жетчү сүт бербеген уйлар, 3 жаштык букалар 200 кг эт бербей тургандыгын белгилеп өттү.

«Кайран кыргыздар ошол малдар үчүн убара болуп жүрүшөт. Кыргызстанда 1%га жетпеген асыл тукум эле мал бар», – деди министр.

Өлкөдө 269 асыл тукум чарба болсо, учурда алардан 108 чарба калган. Алардын баары министрликтин катуу талабынын негизинде жоюлган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды