Үрөн алууда акчаны бөлүп төлөө колдонулат, ал 2 жыл ичинде 4% менен эсептешилет

Үрөн алууда акчаны бөлүп төлөө колдонулат, ал 2 жыл ичинде 4% менен эсептешилет

Үрөн алууда акчаны бөлүп төлөө жолдору колдонулат. Алынган сумма 2 жыл ичинде 4% менен эсептешилет. Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков бул тууралуу бүгүн, 7-февралда «Парламент» радиосунда билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, айыл чарба багытындагы насыяларды таратууда «РСК», «Айыл банк» жана «Керемет» банктарынын капиталдары көбөйтүлдү.

«Айыл чарбасын көтөрүүгө 22 млрд сом каралып жатканы жакшы жылыш. Бул башка жылдарга салыштырмалуу дээрлик 5 эсеге көп сумма. Насыя алууда 300 миң сомго чейинки каражатты күрөөсүз алуу жеңилдиги бар. Айыл чарба насыяларынын үстөгү 6%дан ашпайт», –  деди Алимбеков.

Буудайдын дыйкандар үчүн белгиленген болжолдуу баасы 46 сомдун тегерегенде болсо, арпаныкы 51 сомго чамалайт.

«Үрөн алууда акчаны бөлүп төлөө жолдору колдонулат. Алынган сумма 2 жыл ичинде 4% менен эсептешилет», – деди депутат.

Ошондой эле ал суу системасын талаптагыдай иштетүү үчүн 1.1 млрд сом бөлүнүп жаткандыгын, сугат тармагына буга чейин 200-250 млн сом гана каралып келгенин, эми бул коюлган пландарды ишке ашыруу гана калганын белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-февралда өткөн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында быйыл 723.5 миң гектар жерге жазгы талаа жумуштары жүргүзүлөөрү, ал эми пайдаланылбаган жер 53.7 га түзөөрү тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат берди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк: кезектеги алдамчылык схемадан абайлаңыздар

Улуттук банк: кезектеги алдамчылык схемадан абайлаңыздар

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жеңилдетилген насыя алууга жардам берүү тууралуу Улуттук банктын атын жамынган жарнамалык маалыматтар таратылууда. Улуттук банктын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, ишендириш үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди жана жалган маалыматтарды мисал келтирүүдө. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырып, мындай билдирүүлөргө ишенбей, маалыматты

Манастагы “Акылман” мектеп-лицейинин курулушу 75%га аяктады

Манастагы “Акылман” мектеп-лицейинин курулушу 75%га аяктады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарындагы “Акылман” президенттик мектеп-лицейинин курулуш иштерин текшерди. Министрликтен билдиришкендей, буга чейин мектептин жалпы сметалык наркы 2,1 млрд сомдон ашык болуп, курулуштун 1 чарчы метринин баасы 1 103 долларды түзгөн. Министрлик кайра эсептеп чыгып, 1 чарчы метрдин баасы

Электрондук сооданы өнүктүрүү Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунда талкууланды

Электрондук сооданы өнүктүрүү Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунда талкууланды

Бельгиянын борбору Брюссель шаарында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун (БДБУ) Кеңешинин 147/148-жылдык сессиясы өтүп, ага КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев баштаган делегация катышты. Сессиянын жүрүшүндө БДБУга мүчө 187 мамлекеттин өкүлдөрү 2025–2028-жылдарга карата Стратегиялык планды ишке ашыруу, бажы кызматын санариптештирүү, жасалма интеллект жана маалыматтарды талдоо технологияларын

Максат Асаналиев УКМКнын жетекчиси болуп дайындалды

Максат Асаналиев УКМКнын жетекчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна дайындоо үчүн МаксатАсаналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал эми Жумгалбек Шабданбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынгандыгы кабарланды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары