Талас облусунда кант заводу ишке кирди – аз камсыз болгондорго бекер берилет

Талас облусунда кант заводу ишке кирди – аз камсыз болгондорго бекер берилет

Талас районунда «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен кант заводу ишке берилди. Анын расмий ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Долбоор «Альянс Алтын» компаниясынын алдында түзүлгөн «Бакубат Талас» фондунун колдоосу менен ишке ашты. Кант заводун ишке киргизүүгө фонд тарабынан 16.8 млн сом бөлүнгөн. Белгилей кетсек, каражат пайызсыз негизде берилген.

«Завод 100 жумушчу орунга ылайыкталган. Бул жерде суткасына 50 тонна шекер кайра иштетилет. Заводдун өндүрүмдүүлүгүн 1000 тоннага чейин жеткирүү пландалууда», – деп билдирди ишкананын жетекчиси Бактыбек Чаткалбаев.

Келишимге ылайык, жыл ичинде комбинат Талас облусунун калкынын социалдык жактан аялуу катмарына 20 тоннадан кем эмес кумшекер берет.

«Бул «Альянс Алтын» ишканасы койгон негизги шарттарынын бири», – деп билдиришти компаниядан.

Белгилей кетсек, буга чейин дыйкандар кант кызылчасын Маймак станциясы аркылуу Чүй облусундагы кант заводдоруна жөнөтүшчү. Эми быйылдан баштап дыйкандар менен кант кызылчасын алуу боюнча келишим түзүлөт.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2021-жылы облуста кант кызылчасынын айдоо аянты 371 гектарды түзүп, андан 12.8 миң тонна түшүм жыйналган.

Эске салсак, Талас облусу 2021-жылы негизинен «Альянс Алтын» ишканасынан түшкөн салыктын эсебинен дотациядан чыккан. Эксперттер бул облуста экономиканын өсүшүн болжолдошууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды