4 жылда Иран менен КРнын ортосундагы соода жүгүртүү 5 эсе кыскарды

4 жылда Иран менен КРнын ортосундагы соода жүгүртүү 5 эсе кыскарды

2016-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү беш эсеге кыскарган. Бул тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Соода кызматташтыгынын кыскарышынын негизги себеби – пандемия болгон. Кыргызстан негизинен Иранга төө бурчак менен эт экспорт кылып турган. Пандемияга чейин Иран КРдан этти учак менен ташып кетсе, пандемия учурунда бул токтоп калып, учурда кайрадан экспорттоо калыбына келтирилүүдө.

Эскерте кетсек, 25-январда Соода-өнөр жай палатасында вице-президенти Роман Касымов менен Ирандын Кыргызстандагы Элчисинин биринчи кеңешчиси Таги Ростамиян менен жолугушуусу өткөн. Анын алкагында эки тарап соода-экономикалык кызматташууну андан ары бекемдөө жана эки өлкөнүн жеке ишкерлери үчүн шарттарды түзүү багытында ой-пикир алмашышкан.

Натыйжада, Кыргыз – Иран кызматташтыгынын өркүндөтүү максатында жазында Бишкекте Ирандын Соода үйү ачылып, жайында мамлекеттик деңгээлде көргөзмө уюштуруу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды