Арызыңарды өткөрүп берем деген шылуундарга ишенбегиле – МИК эскертет

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) кардарларын «арызыңарды өткөрүп берем», «кезегиңерди жылдырып берем, «акча алууга жардам берем» деген деген сунуштар менен WhatsApp же башка месенджерлерден жөнөтүлгөн билдирүүлөгө ишенбөөгө чакырат.

МИК арызды кабыл алуу толук түрдө автоматташтырылганын, бул процесске эч ким кийлигише албай тургандыгын, бул атайын коррупциялык схемаларга жол бербөө үчүн жасалгандыгын эскертет.

«Арыздарды текшерүү жана верификация процедурасына 2 айдан 3 айга чейин убакыт талап кылынат. Анткени сиздин заявка толук толтурулуп МИКтин кароосуна келгенден кийин мамлекеттик органдарга(МСК, Соцфонд) суроо жөнөтүлүп, жообун күтөбүз. Ошентип ар бир келген заявка 3 этаптан турган верификациядан өтөт, бул үчүн убакыт талап кылынат», – деп айтылат билдирүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды