«Бишкек жашыл чарбанын» бухгалтери жасалма документ даярдап, ашыкча эмгек акыларды чегерип жүргөн

«Бишкек жашыл чарбанын» бухгалтери жасалма документ даярдап, ашыкча эмгек акыларды чегерип жүргөн

«Бишкек жашыл чарба» МИнин башкы бухгалтери жасалма документ даярдап, ашыкча эмгек акыларды берип жүргөн. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ишкананын кызматкерлери белгиленген нормадан ашыкча эмгек акыны мыйзамсыз чегерүү максатында бухгалтердик документтерди (коштоочу каттарды, эмгек акынын ведомостторун ж.б.) системалуу түрдө жасалмалап, анын негизинде мамлекеттик бюджетке 800 миң сом өлчөмүндө зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы мыйзамсыз аракеттер документтештирилип, кылмышка тиешеси бар жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ошондой эле келтирилген зыян күнөөлүү адамдар тарабынан толугу менен толтурулган.

Мекеме учурда сот органдарына өткөрүп берүү үчүн тергөө иштери аяктап жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды