Эгемендикти алгандан бери Нарында бир да бала бакча, мектеп курулган эмес

Эгемендикти алгандан бери Нарында бир да бала бакча, мектеп курулган эмес

Эгемендикти алгандан бери Нарында бир да бала бакча, мектеп курулган эмес. Бул тууралуу депутат Улан Бакасов ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, учурда бала бакча, мектеп жетишсиз. Нарын шаарынын батыш тарабында №9 мектеп убагында дүкөн болуп салынып келе жатып, кийин элдин талабы менен мектеп болуп калган. Ал жерде мектеп үчүн жер тилкеси дагы бөлүнгөн, долбоор даяр, бирок эч эле салынбай келет.

«Ошол жерге мектеп түшсө, №9 мектепти бала бакча кылмакпыз. Нарында курулуш башталып, бирок бүтпөй калгандар толтура. Эмне үчүн алар бүтпөй турат? Эгемендикти алгандан бери Нарында бир да бала бакча, мектеп курулган эмес», – деди Бакасов.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү 2010-2021-жылдан бери курулушу бүтпөй туруп калган объектердин саны 421ге жеткенин, сарпталган акча 2 млрд 255 млн сомду түзгөнүн, алар көзөмөл жоктугунан туруп калганын, учурда аларды ревизия кылып чыгып, кайра иштер жүргүзүлөөрүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды