Экономика министрлиги рестораторлорго бирдиктүү салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүүнү карайт

Экономика министрлиги рестораторлорго бирдиктүү салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүүнү карайт

Экономика министрлиги коомдук тамактануучу жайлардын бирдиктүү салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүү боюнча кайрылуусун карайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик 2021-жылдын 1-сентябрында КРнын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору өкмөттүн расмий сайтында коомдук талкууга коюлганын эске салды. Анда талдоолорду эске алуу менен коомдук тамактануу ишканалары үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 8% өлчөмүндө белгиленген.

«Белгилей кетсек, коомдук талкуу учурунда бул тармактын өкүлдөрүнөн эч кандай сунуш түшкөн эмес», – деген Экономика министрлиги, парламенттеги талкууда депутаттар тарабынан деле эч кандай өзгөртүүлөр сунушталбаганын билдирди.

Жаңы Салык кодексине кол коюу учурунда коомдук тамактануу ишканаларынын Ассоциациясынан бирдиктүү салыктын ставкасын 5%га чейин төмөндөтүү сунушу менен кайрылуу түшкөн. Бул мыйзам долбоорундагы кайрылууну эске алуу менен ставканы 6%га чейин төмөндөтүү сунушталганын ведомстводон маалымдашты.

Эскерте кетсек, Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык, коомдук тамактануу ишканалары үчүн белгиленген бирдиктүү салыктын максималдуу 8%дык ставкасы тууралуу пикирин билдирген. Сыдыков бул ставка бизнес үчүн өтө жогору болуп саналаарын, рестораторлор 15%дык кирешесинин 8%ын салык түрүндө төлөөгө даяр эмес экенин, алар көмүскөгө кетүүгө аргасыз болушаарын айткан эле.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды