Ишкерлердин эсебинен бюджетти толтуруу тапшырмасы жок – Жапаров ККМ тууралуу

Ишкерлердин эсебинен бюджетти толтуруу тапшырмасы жок – Жапаров ККМ тууралуу

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февральда «Дордой» жана «Ош» базарларына барып, ишкерлер менен көзмө-көз сүйлөшүп, контролдук-кассалык машина (ККМ) системасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап жана түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.

Президент жарандардын ККМди киргизүүнү эмне үчүн колдобой жаткандыгы боюнча пикирлерин угуп, мындай жагдай маалымдоо-түшүндүрүү иштеринин жетишсиздигинен келип чыкканын, ошондуктан ККМдин максаттары туура эмес чечмеленип жатканын белгиледи.

«Бул демилге контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды ташып келүүдөн кутулуу үчүн көтөрүлүп жатканын түшүнүшүңүздөр керек. Бизде ишкерлердин эсебинен киреше табуу же алардын эсебинен өлкөнүн бюджетин толтуруу тапшырмасы жок. Тескерисинче, мамлекет алардын иштөөсүнө шарт түзүп берүүдө.

Ата мекендик экономиканын 40% көмүскөдө калганын айтып, аны ал жактан алып чыгып, ошол эле учурда кичи жана орто бизнес жабыркабасын деп жатабыз. Эгер мурда ККМди ишкер өзү сатып алышы керек болсо, азыр алар бюджеттин эсебинен алынат, ишкерлердин ыңгайлуу иштөөсү үчүн акысыз уюлдук тиркемелер болот», – деди Жапаров. 

Мамлекет башчысы акча жүгүртүүсү аз ишкерлер смартфонундагы мобилдик тиркеме аркылуу иштей ала турганын түшүндүрдү. ККМ ири соода борборлору үчүн милдеттүү болот. Акча жүгүртүүсү 8 млн сомго чейинки чакан ишканалар салыктан бошотулат, болгону ККМ колдонуу керек.

«Эгерде сиздердин түшкөн акча 8 млн сомго чейин жетпесе, анда эч нерсе төлөбөйсүздөр – патент да, салык да. Эгерде, киреше көп болуп жана 30 млн сомго чейин жетсе, анда ишмердүүлүктүн өзгөчөлүгүнө жараша чендин ар кыл вариантын карап атабыз, – деди президент. 

Ишкерлер өз кезегинде ККМди киргизүүдө чекене жана дүң соода сегментин, ошондой эле сатылып жаткан товарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу керектигин белгилешти.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдиргендей, бул системаны киргизүү атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүүгө жана бизнестин ачыктыгын жогорулатууга оң таасирин тийгизет.

«Жакынкы аралыкта 10 миң ККМ аппараттары сатылып алынууда. Буга чейин пилоттук долбоордун алкагында 10 миңи сатылып алынган, учурда Россия дагы 30 миң ККМ берип жатат. Ошентип, жалпысынан Бишкек шаарындагы ишкерлердин негизги бөлүгү камсыздалат, – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды