«Кыргызалтын» 2.5 млрд сом киреше алууну күтүүдө

«Кыргызалтын» 2.5 млрд сом киреше алууну күтүүдө

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» ААК дивиденддерди кошкондо 2.5 млрд сомдон ашык киреше алууну күтүүдө. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматтарга таянсак, 2017-жылдан тарта «Кыргызалтындын» Centerra Gold Inc. компаниясынан дивиденддерди албаганын эсепке алганда, 2017-жылы – 99.5 млн сом, 2019-жылы – 310.5 млн сом киреше алган. Ал эми 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча, «Центерранын» дивиденддерин эсепке албаганда пайда 471.9 млн сомду, 2021-жылы болсо дивиденддерди кошпогондо алдын ала пайда 795.6 млн сомду түзгөн.

Ошондой эле «Кыргызалтын» ААК баалуу металлдарды кайра иштетүү потенциалын жылына 40 тоннага чейин жогорулатуу үчүн аффинаждык заводду модернизациялоону пландоодо.

«Кыргызалтын» аффинаждык завод өлкөдөгү жалгыз жана уникалдуу өндүрүш экенин, жылдан-жылга анын өндүрүшүн жогорулатып, ошондой эле ага жараша кирешесин көбөйтүп, баалуу металлдарды кайра иштетүүнүн көлөмүн да өстүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Алсак, заводдо 2015-жылы 16.6 тонна, 2021-жылы 22.4 тонна баалуу металл иштетилген.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды