Түркиянын ири ишкерлер ассоциациясы Кыргызстанга келет

Түркиянын ири ишкерлер ассоциациясы Кыргызстанга келет

КРнын Инвестициялар боюнча агенттигинин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов Түркиянын «АСКОН» Ишкерлер ассоциациясынын (Askon Anadolu Aslanlari Is adamlari Dernegi) президенти Орхан Айдын башында турган ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Баясов КРнын Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берип, түрк ишкерлерин өлкөгө инвестиция салууга чакырды.

Өз кезегинде ASKON Ишкерлер ассоциациясынын президенти Орхан Айдын эки мамлекеттин учурдагы мамилелери жаңы тепкичке чыкканын белгилеп, түрк ишкерлери Кыргызстанга инвестиция салуу боюнча кызыгуусу жогорку деңгээлде экендигин жана КРнын Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, эң кыска убакытта ишкерлердин Кыргызстанга сапары уюштуруларын баса белгилегенин агенттиктен маалымдашты.

Ошондой эле түрк тарап агенттикти Кайсери шаарында өтө турган бизнес-форумга ардактуу конок катары чакырган. Агенттик отуздан ашуун өлкөнүн катышуусунда өтө турган бул сыяктуу иш-чаралар Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанытууда мыкты аянтча болот деп эсептейт.

  • ASKON 1998-жылы түзүлгөн. Түркия боюнча 6 миңден ашуун мүчөсү бар, жалпысынан 500 миңден ашуун кишини иш менен камсыз кылат, Түркиянын ичинде 40тан ашуун филиалы ошондой эле Брюссель, Нью-Йорк, Пекин, Жидда, Жакарта сыяктуу дүйнөнүн маанилүү соода борборлорунда кеңселери бар. Жылдык товар айлануусу 17 млрд доллардан ашат.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды