2021-жылы Россия менен КРнын соода жүгүртүүсү 2 млрд долларды түздү

2021-жылы Россия менен КРнын соода жүгүртүүсү 2 млрд долларды түздү

2021-жылы Россия менен КРнын соода жүгүртүүсү 2 млрд долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда маалымат жыйынында Россиянын КРгы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Анын айтымында, жыл соода тармагында жаман болгон жок. Элчи Федералдык бажы кызматынын маалыматына таянып, Россиянын Кыргызстанга экспорту 2021-жылы 2.1 млрд долларды түзгөнүн белгиледи.

«2020-жылга салыштырмалуу экспорт 47.8%га өстү, жалпы соода жүгүртүү 2 млрд долларга жетти, ошол эле кезде Россиядан КРга которулган акча каражаты 2.6 млрд доллар чамасында болду», — деди Элчи.

Удовиченко өткөн жылы экспортто минералдык отун, кара металлдар, жыгач жана жыгач буюмдары, ошондой эле жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр басымдуулук кылганын кошумчалады.

«2021-жылы Кыргызстандан Россияга чыгарган товарлардын импорту 2020-жылга салыштырмалуу 38.8%га көбөйүп, 333.3 млн долларды түздү. Анда жез жана андан жасалган буюмдар, сүт жана табигый бал, трикотаж жана текстиль кийимдери, ошондой эле жашылча басымдуулук кылды», — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды