Бишкекте жаңы райондук электр тармагы – «Түндүк» РЭТи ишке кирди

Бишкекте жаңы райондук электр тармагы – «Түндүк» РЭТи ишке кирди

Бишкек шаарында жаңы райондук электр тармагы — «Түндүк» РЭТи ишке кирди. Президент Садыр Жапаров жаңы «Түндүк» райондук электр тармагынын иши менен таанышып чыкты.

Жапаровго РЭТтин иштөө принциби көрсөтүлүп, кичи SCADA системасы, ГИС географиялык маалымат тутуму жана абоненттердин суроо-талаптарын сапаттуу тейлөөгө арналган колл-борбор программасы көрсөтүлдү. Бул системалар реалдуу убакыт режиминде күнүмдүк электр энергиясынын колдонулушуна жана процесстерге мониторинг жасоого, электр жабдууларын картадан табууга мүмкүндүк берет.

Түндүк РЭТинин өндүрүштүк базасынын курулушу 2021-жылдын октябрында башталып, үч айда бүткөрүлгөн. «Түндүк» РЭСтин курулушу толугу менен «Түндүк электр» ААК эсебинен жүргүзүлдү.

Бул РЭТ Ден Сяопин/Фучик/ Жибек Жолу проспектиси/Профсоюзный көчөлөрү чектешкен аймакты, Түндүк айланма жолунун аймагын тейлейт. Андан тышкары Достук, Аска-Таш, Көлмө, Жеңиш, Ак-Босого, Хабитат, Ак-Тилек, Красный строитель, Келечек, Мурас Ордо, Калыс Ордо, Нуркожо Ата, Дордой, Эне-Сай жаңы конуштарынын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен камсыз кылат.

РЭТ абоненттерди сапаттуу тейлөө үчүн электр энергиясын эсептөөдө санариптик технологиялар колдонулган заманбап дистанциялык борбор менен жабдылып, «Түндүк электр» ААК электр тармактарына туташтырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды