«Каракол», «Баткен», «Ош», «Нарын» аэропортторун реконструкциялоо пландалууда

«Каракол», «Баткен», «Ош», «Нарын» аэропортторун реконструкциялоо пландалууда

«МЭА» ААК 2022-жылы 4 аэропортту – «Каракол», «Баткен», «Ош», «Нарын» аэропортторун реконструкциялоону жана модернизациялоону пландаштырууда. Бул тууралуу 9-февралда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы күтүү залынын ачылышында Башкармалыктын Төрагасы Бакыт Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта төмөндөгү объектилердин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга конкурс жарыяланган.

  • «Каракол» аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу жана жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен аэродромдун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоо
  • «Баткен» аэропортунун аэродромунун элементтерин реконструкциялоо
  • «Ош» эл аралык аэропортуна жүк терминалын куруу
  • «Нарын» аэропортуна жалпы аянты 530 чарчы метр болгон жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу

«Долбоор иштелип чыккандан кийин биз, быйылкы жылы «Каракол» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулуш-монтаждоо иштерин жана «Каракол» менен «Баткен» аэродромдорунун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоону пландаштырып жатабыз. Ошондой эле «Ош» эл аралык аэропортуна жүк терминалын куруу маселеси каралууда», – деди Шаршеев.

Эскерте кетсек, бүгүн, 9-февральда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү, узатуу жана тосуп алуу максатында курулган жаңы күтүү залынын ачылышы болуп өттү. Объекттин курулушу 2021-жылдын 7-октябрында башталган. Имараттын жалпы аянты 372 чарчы метрди түзөт. Күтүү залында эне-бала бөлмөсү бар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, «МЭА» ААКнын түзүмүнө Кыргызстандын 11 аэропорту кирет: 5 эл аралык жана 6 аймактык жана ошондой эле алардын маршруттук тармагы 25 багытты камтыйт:

  • 19 багыт боюнча эл аралык аба каттамдары
  • 6 багыт боюнча ички аба каттамдары.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды