Марттан баштап Баткендеги 62 айылдын тургундарынын пенсиясы 2000 сомго көбөйөт

Марттан баштап Баткендеги 62 айылдын тургундарынын пенсиясы 2000 сомго көбөйөт

Март айынан тарта Баткендеги 62 айылдын тургундарынын пенсиясы 2000 сомго, жөлөкпулдар дагы эки эсеге көбөйөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев «Ынтымак» жана «Ишеним» фракцияларынын Баткен районундагы көчмө жыйынында билдиргенин ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, аталган айылдарда дагы мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүү сунушталууда.

Алимбаев депутаттарга Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоорунун артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.

«Документ мамлекеттик чек арада жайгашкан 62 калктуу конушка тиешелүү. Чек арага жакын жайгашкан үйлөрдү мыйзамдаштыруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин колдонуу пландалууда. Эгерде буга чейин кыймылсыз мүлктү каттоо үчүн 2000 сом талап кылынса, эми документтер бекер берилет. Ушул эле негизде жарандар милициядан соттолбогондугу тууралуу маалымкатты, медициналык кароону, тактап айтканда, УЗИ жана рентген кызматтарын бекер алышат», — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды