USAID Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанды да камтыган соода боюнча беш жылдык программасын баштайт

USAID Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанды да камтыган соода боюнча беш жылдык программасын баштайт

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанды да камтыган соода боюнча беш жылдык программасын баштайт. Бул тууралуу АКШ элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Программанын бюджети 19 млн долларды түзөт жана ал Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды да камтыйт.

КРда бул программа Экономика министрлиги, Транспорт министрлиги, Бажы кызматы жана Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте ишке ашырылат.

Программанын максаты – Борбор Азияда экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. Ал үчүн долбоор бажы жана чек ара контролдоо жол-жоболорун шайкештөөгө, соода жана инвестиция маселелеринде мамлекеттик жана жеке секторлордун өнөктөштүгүнө жана региондогу ишканалардын кызматташуусуна көмөктөшөт

  • Программа экспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө байланышкан, тагыраак айтканда, сертификация, транспорт, логистика ж.б. маселелерди чечүүгө багытталат.
  • Ошондой эле Кыргызстандын жана Борбор Азиянын ишканалары чет элдик кардарлардын талаптары менен таанышып, жаңы рынокторго чыгууга даяр болушу үчүн чет элдик компаниялардын иш сапарлары, жолугушуулар жана башка иш-чаралар уюштурулат.

Экономика жана соода министрлигинин бажы саясаты башкармалыгынын жетекчиси Руслан Тыналиевдин айтымында, жаңы программа соода процедураларын жөнөкөйлөтүү аркылуу сооданы жакшыртууга жардам берет жана чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле тышкы соода ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуу процесстерин оптималдаштыруу аркылуу соода компанияларына оң таасирин тийгизет.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды