Жаӊы азыктын базарга чыгышы: идеядан натыйжага чейин

Жаӊы азыктын базарга чыгышы: идеядан натыйжага чейин

Ага Хан фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду жүзөгө ашырып жаткан «Аракетчил» долбоорунун алкагында түштүк облустардын өндүрүүчүлөрү үчүн күрүч, малина, бадам, ошондой эле кийиз буюмдарды өндүрүү, жасалгалоо жана жайылтуу боюнча тренинг өткөрдү.

Үч күндүк тренинг Япония эл аралык агенттигинин (JICA) “Бир айыл – бир өндүрүм” долбоорунун өкүлдөрүнүн колдоосу менен уюштурулду. Тренингдин биринчи күнү машыктыруучулар кийиз өндүрүшүнүн маанилүү экендиги жөнүндө айтып беришти. Катышуучулар практика жүзүндө кийизди нымдуу жана кургак бойдон басуу, табигый боёо жолдорун үйрөнүштү, буюмдарды өндүрүп чыгаруу жана сатууга тиешелүү бардык эсептерди көрсөтүп беришти.

Экинчи жана үчүнчү күндөр базарга алып чыгуу жана жергиликтүү өнүмдөрдүн жергиликтүү жана чет өлкөлүк базарлардагы атаандаштыкка туруктуулугун күчөтүү максатында күрүч, малина, бадам азыктарын жаӊыча даярдоо усулдары тааныштырылды.

Окуу убагында катышуучулар айыл чарба өнүмдөрүн селекциялап өстүрүү боюнча теориялык билим эле албастан, жалпы кабыл алынган стандарттарга ылайык өнүмдөрдү даярдоо технологияларын, ороп-таӊгактоо эрежелерин, сертификат алуу үчүн зарыл болгон сапатты көзөмөлдөө талаптарын да практика жүзүндө өздөштүрүп алышты.

“Теориялык маалымат, практика, иштиктүү сабактар, көрсөтмө чаралар эӊ сонун айкалыштырылды. Практикага киришкен теоретик чоӊ көлөмдөгү маалыматты түшүндүрүп бере алат, ал маалымат жөнөкөй, кызыктуу жана кыйла оӊой өздөштүрүлөт”, – деди тренингдин бир катышуучусу.

Тренингдин аягында бардык катышуучулар үчүн каржылык сабат боюнча чакан сессия белек катары өткөрүлдү. Катышуучуларга ошондой эле алган билимдерин жакшыраак бышыктоо үчүн керек боло турган колдонмолор да тартууланды.

Тренингдин аягында бардык катышуучулар үчүн каржылык сабат боюнча чакан сессия белек катары өткөрүлдү. Катышуучуларга ошондой эле алган билимдерин жакшыраак бышыктоо үчүн керек боло турган колдонмолор да тартууланды.


«Аракетчил» долбоору Япония өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда. 

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды