Бийлик маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салды

Бийлик маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салды

2021-жылдын 1-июлунан тартып КРнын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоо киргизилген. 2022-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салынганын МСК эскертет.

Салык кызматы билдиргендей, салык төлөөчүлөр 2021-жылдын 31-декабрына чейин маркаланбаган продукциянын калдыктарын маркалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

КРнын Укук бузуулар жөнүндө жөнүндө кодексине ылайык, колдонулган тийиштүү идентификациялоо каражаттарын кайра пайдалануу же товарларды ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүү, ошондой эле тийиштүү идентификациялоо каражаттарын колдонбостон товарларды сактоо жана сатууда – жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты «Текшер» системасынын www.teksher.kg сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлеринен алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды