Калктын жакыр катмарын колдой турган каражатка электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатабыз – Акылбек Жапаров

Калктын жакыр катмарын колдой турган каражатка электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатабыз – Акылбек Жапаров

Бүгүн, 10-февралда «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору» улуттук форумунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекет калктын жакыр катмарын колдой турган каражатка электр энергиясын импорттоого багыттоого аргасыз болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, суунун тартыштыгынан жана мүмкүнчүлүктөр чектелгендиктен, Кыргызстан электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатат.

«Калктын жакыр катмарын колдой турган каражатка электр энергиясын импорттоого багыттоого аргасыз болуп жатабыз», – деди ал.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы экономиканын толук кандуу иштеши үчүн Кыргызстанга 6 млрд кВт/саат электр энергиясы жетишпей жатканын айтты. Анын айтымында, жалпысынан учурда 3 млрд кВт/саат тартыштык бар, бирок ал импорттун эсебинен жабылууда. Дагы 3 млрд кВт/саат жаңы ишканаларды ишке киргизүү үчүн жетпей жатат.

Жапаров билдиргендей, бизнес жана эл аралык өнөктөштөр көптөгөн долбоорлорду ишке киргизүүгө даяр, бирок республика аларды электр энергиясы менен камсыздай албайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды