«Нарын – Текстиль» тигүү цехи ачылды – 50 адам жумуш менен камсыз болду

«Нарын – Текстиль» тигүү цехи ачылды – 50 адам жумуш менен камсыз болду

Бүгүн, 10-февралда Нарын шаарында «Нарын – Текстиль» тигүү цехинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясы билдирди.

Нарын шаарында түзүлгөн Naryn Textile ЖЧКнын башкы директору Кайрат Жолдошбековдун айтымында азыркы учурда тигүү цехинде 50 жумушчу иш орду менен камсыз болду.

Келечекте ишкананы чоңойтуп 500 жумуш орун менен камсыз кылуу планы бар. Нарын шаардык мэриясынын колдоосу менен 4-5 айдын ичинде 500 орундуу тигүү цехи курулмакчы.

«Жер маселесин чечүүдө, ижара акысынан бошотуу, документтерди бүтүрүүгө жардам берүүгө даярбыз. Жеңил өнөр жайын өнүктүрүүдө ишкерлерге колдоо көрсөтүшүбүз зарыл», – деди цехтин ачылуу аземине келген Нарындын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусов.

Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусов, депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды