ОКӨФ «Примовду» 212 млн долларга каржылаган эмес – маалыматта техникалык ката кеткен

ОКӨФ «Примовду» 212 млн долларга каржылаган эмес – маалыматта техникалык ката кеткен

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Ош шаарындагы жана Ош облусундагы долбоорлорду каржылоодогу техникалык катадан улам жарыяланган туура эмес маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Каржылоо валютасын көрсөтүүдө кетирилиген техникалык катадан улам аймактагы чакан жеке ишкерлер фонддон жүз миллиондогон доллар каражат алышканы айтылган эле. Бирок негизи каржылоо сом менен жүргүзүлгөн.

Тактап айтканда, долбоорлор боюнча публикацияда «Примов» ЖИ 212 млн долларга каржыланганы жазылган. Бирок иш жүзүндө 212 млн сомдук эле каржылоо болгон.

Каржылоо коммерциялык өнөктөш банктар аркылуу жеңилдетилген шарттарда берилген жана ал төмөнкүдөй:

ОКӨФ каржылоо валютасы боюнча туура эмес маалымат берилген насыялардын көбү төлөнүп бүтүп калганын, ал эми калган ишкерлер жана компаниялар насыяларды график боюнча төлөп жатканын билдирди.

«Техникалык катадан улам туура эмес жарыяланган маалымат үчүн кечирим сурайбыз. Бүгүнкү күндө бир долбоорду каржылоонун максималдуу суммасы 16.5 млн долларды түзөт (кант өндүрүүнү колдоо үчүн). Жалпысынан 2022-жылдын 1-февралына карата фонддун жалпы кредиттик портфели 3140 долбоорго 410 млн долларды түзөт», – деп билдиришти фонддон.

Эскерте кетсек, кечээ, 9-февральда РФнын КРгы элчиси Николай Удовиченкого маалымат жыйынында дал ушул маселеге байланышкан суроо берилген эле. Элчи өз кезегинде фонддун жетекчисинен бул маалыматты тактай тургандыгын айткан.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды