Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 1.6 млрд сом өлчөмүндө бекитилди

Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 1.6 млрд сом өлчөмүндө бекитилди

Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 1 млрд 600 млн 510 миң сом деп бекитилди. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка таянсак, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2021-жылдын бюджетине салыштырмалуу 242 млн 810 миң сомго көп болгон. Бул жылы эң көп каражат турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүү тармагына бөлүнөт. Аталган тармакка 559 млн 737 миң сом каралган.

  • Ош шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатына – 122 млн 450 миң сом
  • «Ошсвет» муниципалдык ишканасына шаардын көчөлөрүн жарык менен камсыз кылууга – 71 млн 99 миң сом
  • жарандарды тейлөө борборуна – 9 млн 137 миң сом
  • Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасына – 13 млн 305 миң сом
  • Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына – 93 млн 745.4 миң сом
  • Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына – 250 млн сом каралат
  • билим берүү тармагына – 403 млн 500 миң сом
  • экономикалык маселелер тармагына 239 млн 605.3 миң сом
  • эс алуу, спорт жана маданият тармагын каржылоого – 92 млн 249 миң сом
  • социалдык коргоо тармагына – 20 млн 924 миң сом бөлүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды