2021-жылы электр энергиясын импорттоого 3.4 млрд сом бөлүндү

2021-жылы электр энергиясын импорттоого  3.4 млрд сом бөлүндү

Жыл башынан бери электр энергиясын импорттоого 1.2 млрд сом бөлүнгөн. 2021-жылы болсо бул тармакка 3.4 млрд сомдон ашык каражат каралган. Бул тууралуу «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору» улуттук форумунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы экономиканын толук кандуу иштеши үчүн Кыргызстанга 6 млрд кВт/саат электр энергиясы жетишпей жатканын айтты. Анын айтымында, жалпысынан учурда 3 млрд кВт/саат тартыштык бар, бирок ал импорттун эсебинен жабылууда. Дагы 3 млрд кВт/саат жаңы ишканаларды ишке киргизүү үчүн жетпей жатат.

«Ата мекендик бизнес, эл аралык өнөктөштөр көптөгөн долбоорлорду ишке киргизүүгө даяр, бирок республика аларды электр энергиясы менен камсыздай албайт. Биздин республика Борбор Азия чөлкөмүнүн дарыяларынын башында жайгашып, суу-энергетикалык ресурстарынын генератору болуп саналат», – деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы бул долбоорлор 1.5 млрд долларга бааланганын белгиледи.

Анын айтымында, суунун тартыштыгынан жана мүмкүнчүлүктөр чектелгендиктен, Кыргызстан электр энергиясын импорттоого мажбур болууда. «Калктын жакыр катмарын колдой турган каражатка электр энергиясын импорттоого багыттоого аргасыз болуп жатабыз», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүлөт. Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чон-Капка – автожол” автомобиль өткөрүү пунктунда комплекстүү оңдоо иштери аяктады. Маалыматка ылайык, “Чон-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун оңдолушу менен жарандардын транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жакшырды. Ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын иштөөсү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 70

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм