Азиз Аалиев: Кумтөрдөн өткөн жылы 7 айда алтын түрүндө 200 млн доллар киреше алдык

Азиз Аалиев: Кумтөрдөн өткөн жылы 7 айда алтын түрүндө 200 млн доллар киреше алдык

Кумтөрдөн өткөн жылы 7 айда эле алтын түрүндө 200 млн доллар киреше алдык. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиясында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз бийлиги тарабынан тышкы башкаруу киргизилгенге чейин Кыргызстан орточо эсеп менен 3-4 млн доллар дивиденд алып турган.

«Кумтөрдөн өткөн жылы 7 айда эле алтын түрүндө 200 млн доллар киреше алдык. Жакынкы арада юридикалык маселелер чечилип, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын балансына өтсө, анда биздин эсептөөлөр боюнча, мамлекеттин Кумтөрдөн түшкөн кирешеси 400-500 млн долларга чейин көбөйөт», – деди ал.

Ошондой эле Аалиев 2021-жыл мамлекет үчүн оор болгонун, энергетикалык каатчылык, кургакчылык, азык-түлүк коопсуздугу маселеси, күйүүчү-майлоочу майдын баасы кескин көтөрүлгөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды