Бишкектеги таштандыларды сорттоочу заводдун курулушуна тендер март айында жарыяланат – бюджет 22 млн евро

Бишкектеги таштандыларды сорттоочу заводдун курулушуна тендер март айында жарыяланат – бюджет 22 млн евро

2022-жылдын 10-февралында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) электрондук сатып алуулар сайтында Бишкек шаарында таштандыларды сорттоочу заводдун курулушу боюнча боло турган тендер тууралуу билдирүү жарыяланган.

Маалыматка ылайык, божомол боюнча тендер 2022-жылдын 15-мартында жарыяланаарын Бишкек мэриясынын сайтында айтылат.

Эске салсак, заводдун курулушу ЕРӨБдүн долбоору менен каржыланат. Бюджети 22 млн еврону түзөт, анын ичинен 11 млн доллары жеңилдетилген насыя түрүндө, 3 млн доллары болсо – атайын грант түрүндө берилет. Калган 8 млн доллар – Борбордук Азия үчүн инвестициялык фондунун Европа Биримдигинин гранты болуп эсептелет.

Тендер ЕРӨБдүн сатып алуу эрежелерине ылайык өткөрүлөт жана ага катышуу дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн компаниялары үчүн ачык. Сатып алуу процедурасы ЕРӨБ электрондук сатып алуулар веб-сайты аркылуу ишке ашырылат.

Алдыдагы тендерге катышууну каалаган компаниялар ЕРӨБ электрондук сатып алуулар порталында катталышы керек. Катталган жарандар тендердин башталышы жөнүндө, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ЕРӨБдүн долбоорлору тууралуу автоматтык түрдө маалымат алып турушат.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды