Бишкектин 34 чакырымдык түндүк айланма жолунун долбоору Министрлер кабинетине көрсөтүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү Бишкек шаарынын 34 км созулган түндүк айланма жолун куруу долбоорун Министрлер кабинетине көрсөттү.

Долбоордо транспорт түйүндөрү, тротуарлар, жөө жүргүнчүлөр үчүн бир катар өтмөктөр каралган.

Акылбек Жапаров долбоорду, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк вариантын иштеп чыгып, техника-экономикалык негиздемени даярдоону тапшырды. Ошондой эле ал жолдорду оңдоо жана куруу иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, анын ичинде Баткен облусунун аймагындагы унаа жолдорун кыска мөөнөттө оңдоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйынга транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды