Мурдагы каржы министринин орун басары Бишкекке вице-мэр болуп дайындалды

Мурдагы каржы министринин орун басары Бишкекке вице-мэр болуп дайындалды

Мирлан Байгончоков Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Башка вице-мэрлердин ортосунда милдеттер кайра бөлүштүрүлгөнүн борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Байгончоковго Бишкек шаарынын мэриясынын экономика жана инвестициялар башкармалыгынын, шаардык чарба башкармалыгынын ишин жана анын жашоо-турмушун камсыздоо тутумдарынын ишмердүүлүгүн каржылоо бөлүгүн координациялоо милдети тапшырылды.

Эске салсак, Мирлан Байгончоков эки жолу Каржы министринин орун басары болгон: 2010-жылдан 2019-жылдын жай айына чейин жана 2020-жылдын ноябрь айынан 2021-жылдын августуна чейин.

Андан сырткары, башка вице-мэрлерге да милдеттенмелер бөлүштүрүлүп берилди.

Ага ылайык:

  • Максатбек Сазыкулов Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба жана санариптештирүү боюнча вице-мэри болуп дайындалды
  • Бишкек шаарынын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев эми муниципалдык менчик, жер пайдалануу, курулуш жана архитектура боюнча иш алпарат
  • Бишкек шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачевага жаштар менен иштөө жана туризмди өнүктүрүү боюнча милдеттенме берилди
  • Буга чейин шаар куруу жана архитектура маселелерин жетектеп келген Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаков транспорт маселесин көзөмөлдөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды