Кемчилиги бар чарбаларды биз колдобойбуз – Айыл чарба министри

Кемчилиги бар чарбаларды биз колдобойбуз – Айыл чарба министри

Кемчилиги бар чарбалар менен чогуу баспайбыз, биз аларды колдобойбуз. Мындай пикирин Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков бүгүн, 14-февралда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Анын айтымында, аз гана кишинин кызыкчылыгын көздөгөн асыл тукум чарбалар статусунан ажырайт.

«Себеби, аларда бир топ кемчиликтер бар. Кемчилиги бар чарба менен биз чогуу баспайбыз, аларды биз колдоойбуз. Мен сиздерге министр катары расмий ишенич айта алам», – деди министр.

Депутаттар статусунан ажыраган чарбалар андан ары кандай иш алып бараары тууралуу да суроолорун беришкенде, министр ал жерлер мамлекеттики болсо толугу менен алынаарын билдирди.

«Алар статусунан ажыраган күнү эле, жерди ижарага алуу укугунан да ажырашат. Биринчиден, ал жерлер айыл өкмөтүнө кайра кароого жөнөтүлөт. Экинчиден, статусунан ажыраган чарба үрөн да ала албайт. Катардагы эле чарба болуп калат», – деди Жаныбеков.

Белгилей кетсек, жыйында Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы «Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» №309-токтому боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн түшкөн кайрылуулар тууралуу маселелер каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды