2021-жылы алтынды экспорттоо үч эсеге кыскарган

2021-жылы алтынды экспорттоо үч эсеге кыскарган

2021-жылы алтындын экспорту 2020-жылга салыштырмалуу үч эсеге азайган. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Алсак, 2021-жылы Кыргызстандан 308 млн долларга 5.6 тонна алтын экспорттолсо, 2020-жылы 987 млн долларга 17.7 тонна экспорттолгон.

Белгилей кетсек, алтындын эң чоң көлөмү – дээрлик 4.1 тонна (234 млн доллар) Улуу Британияга жөнөтүлгөн. Дагы 1.1 тонна (51 млн доллар) Швейцарияга экспорттолгон.

Мындан тышкары окуңуз

Майрам күндөрүнө карата аймактарга каттамдардын саны көбөйтүлөт

Майрам күндөрүнө карата аймактарга каттамдардын саны көбөйтүлөт

30-апрелден тартып майрам күндөрүнө карата Бишкек автобекетинде каттамга чыккан унаалардын саны көбөйөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан ырасташты. Белгилей кетсек, иш күндөрү Нарын жана Ысык-Көл багыттары боюнча 100гө чукул унаа каражаты чыкса, майрам күндөрү бул көрсөткүч 2 эсе өсөт. Бишкек шаарындагы автобекеттер кадимки режимде иш алып барууда. Автобекеттин

К.Ташиев ага каршы кылмыш иши козголгонун, бирок ал ак экенин өз кайрылуусунда билдирди

К.Ташиев ага каршы кылмыш иши козголгонун, бирок ал ак экенин өз кайрылуусунда билдирди

“Регион” телеканалынын жетекчиси, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына 29-апрелде анын кайрылуусун жарыялады. Анда Ташиев ага каршы кылмыш иши козголгонун ырастаган. “Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо,

Бишкекте муниципалдык кызматтарга жаңы техника тапшырылды

Бишкекте муниципалдык кызматтарга жаңы техника тапшырылды

Бүгүн Бишкек шаарынын күнүн белгилөөнүн алкагында мэриянын алдында муниципалдык түзүмдөргө жаңы кызматтык техникаларды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иш-чарада шаар мэри Айбек Джунушалиев 11 даана Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү кызматтык автоунаанын ачкычтарын тапшырып, ошондой эле шаардык кызматтардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу максатында 10 заманбап электровелосипедди берди. Мэр борбор

Улуттук банк банктардын чет өлкөдөгү ишин кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга сунуштады

Улуттук банк банктардын чет өлкөдөгү ишин кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга сунуштады

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Демилге өлкөдөгү коммерциялык банктардын чет өлкөдөгү филиалдары аркылуу ишин өркүндөтүп, финансылык туруктуулугун жана банктык көзөмөлдүн тийиштүү деңгээлин сактоо менен эл аралык каржы рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.  Улуттук банктын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр Президенттин