Бишкек – Кара-Балта унаа жолун 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырылды

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырылды

Президент Садыр Жапаров Бишкек – Кара-Балта унаа жолун толук реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин айтымында, учурда Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун жалпы узундугу 52.5 чакырымдан калган 7.4 чакырымын реконструкциялоо иштери уланууда. Калктуу конуштардагы реконструкцияланган жолдун негизги унаа жүрүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, туурасы 3.5 метрди түзөт.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысына Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору көрсөтүлдү. Реконструкциялоо долбооруна ылайык, автожол кеңейтилип, ага жол кайчылаштары, тротуарлар жана жол үстүнөн адамдар өтүүчү өтмөктөр курулат.

Айланма жолдун узундугу 34 чакырым. Негизги бөлүгү ортодо бөлүүсү менен 4 тилкелүү болот. Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоого инвесторлорду тартуу пландалууда.

Президент Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Бишкек  – Кара-Балта жолун реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ошондой эле Жапаров унаа транспорттордун үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылын камсыз кылуу максатында Бишкектин түндүк айланма жолунун жана Профсоюзная көчөсүн бойлой айланып өтүүчү жолдун курулуш долбоорунун ишин тездетүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

БАЭ башкаруучулар үй-бүлөсүнүн мүчөсү Мансур Нахайян "Ала-Тоо Резорт" долбооруна кызыкты

БАЭ башкаруучулар үй-бүлөсүнүн мүчөсү Мансур Нахайян "Ала-Тоо Резорт" долбооруна кызыкты

"Ала-Тоо Резорт" долбооруна Бириккен Араб Эмираттарынын башкаруучу үй-бүлөсүнүн мүчөсү, шейх Мансур бин Зайд Аль Нахайян кызыгуу билдиргенин "Ала-Тоо Резорт" ААКы маалымдады. Маалыматка ылайык, шейхтин кеңсесинин өкүлдөрү менен компаниянын жетекчилиги онлайн форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Тараптар Кыргызстанда жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластерин куруу боюнча инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашкан.

Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

2025-жылы чет мамлекеттерде каза болгон 456 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилгенин Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Анын айтымында, бул максатка 53 миллион сом жумшалган. "Бизде

ЕРӨБ Борбор Азияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейтти

ЕРӨБ Борбор Азияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейтти

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Монголияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейткенин банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Risk Sharing Framework (RSF) алкагында ЕРӨБ өнөктөш банктар тарабынан жеке секторго берилген насыялардын кредиттик тобокелдиктеринин 50%ына чейинкисин өзүнө алат. Бул механизм банктарга чакан жана

Айыл чарба министрлиги мигранттарга 200 миң гектар кароосуз жерлерди берүүгө даяр

Айыл чарба министрлиги мигранттарга 200 миң гектар кароосуз жерлерди берүүгө даяр

МинКаб эмгек мигранттарына иштетүү үчүн 200 миң гектар кароосуз жаткан жерлерди берүүгө даяр экенин Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Анын айтымында, жүргүзүлгөн ревизиянын