Биз 400 млрд сомго биринчи кадамды жасадык – Акылбек Жапаров
Өткөн жылы өлкөнүн бюджети 311 млрд сом суммасында аткарылган. Быйылкы жылы 400 млрд сомго жеткирүү пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал белгилегендей, Салык кызматы январь айында 7 млрд 965 млн сом план менен 8 млрд 464 млн сомго аткарып, план 500 млн сомго же 6.3%га ашыкча аткарылган.
Бажы кызматы 4 млрд 368 млн сом чогултуп, план 1 млрд сомго же 30%га ашык аткарылган.
«Биз 400 млрд сомго карата биринчи кадамды жасадыз», – деди Жапаров.