ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли КРда белгиленди

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли КРда белгиленди

2022-жылдын январында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли КРда белгиленди. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

2022-жылдын январында 2021-жылдын январына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (11.2%) КРда катталды.

Быйыл январь айында 2021-жылдын январына салыштырмалуу КРда азык-түлүк товарларынын (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) баалары жана тарифтери – 12.8%га жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары жана тарифтери 9.7%га көп өлчөмдө жогорулаган.

Белгилей кетсек, эң көп баалар алкоголдук ичимдиктер менен тамеки азыктарына кымбаттаган (3.6%), айрыкча, баанын көтөрүлгөнү Бишкекте байкалган (5.6%).

Мындан тышкары окуңуз

БАЭ башкаруучулар үй-бүлөсүнүн мүчөсү Мансур Нахайян "Ала-Тоо Резорт" долбооруна кызыкты

БАЭ башкаруучулар үй-бүлөсүнүн мүчөсү Мансур Нахайян "Ала-Тоо Резорт" долбооруна кызыкты

"Ала-Тоо Резорт" долбооруна Бириккен Араб Эмираттарынын башкаруучу үй-бүлөсүнүн мүчөсү, шейх Мансур бин Зайд Аль Нахайян кызыгуу билдиргенин "Ала-Тоо Резорт" ААКы маалымдады. Маалыматка ылайык, шейхтин кеңсесинин өкүлдөрү менен компаниянын жетекчилиги онлайн форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Тараптар Кыргызстанда жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластерин куруу боюнча инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашкан.

Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

2025-жылы чет мамлекеттерде каза болгон 456 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилгенин Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Анын айтымында, бул максатка 53 миллион сом жумшалган. "Бизде

ЕРӨБ Борбор Азияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейтти

ЕРӨБ Борбор Азияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейтти

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Монголияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейткенин банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Risk Sharing Framework (RSF) алкагында ЕРӨБ өнөктөш банктар тарабынан жеке секторго берилген насыялардын кредиттик тобокелдиктеринин 50%ына чейинкисин өзүнө алат. Бул механизм банктарга чакан жана

Айыл чарба министрлиги мигранттарга 200 миң гектар кароосуз жерлерди берүүгө даяр

Айыл чарба министрлиги мигранттарга 200 миң гектар кароосуз жерлерди берүүгө даяр

МинКаб эмгек мигранттарына иштетүү үчүн 200 миң гектар кароосуз жаткан жерлерди берүүгө даяр экенин Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Анын айтымында, жүргүзүлгөн ревизиянын