Казакстан менен товар алмашуу келишимине ылайык, аларга быйыл 300 млн м³ суу беребиз – Жапаров

Казакстан менен товар алмашуу келишимине ылайык, аларга быйыл 300 млн м³ суу беребиз – Жапаров

Казакстан менен товар алмашуу макулдашуусуна ылайык, аларга быйыл 300 млн м³ суу беребиз. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстан Казакстан менен товар алмашуу келишимине кол койгон. Ага ылайык, республика жылына 300 млн кубометрге чейин суу берет.

«Биз эл аралык келишимдерди аткарууга даярбыз. Алар бизге 153 млн киловатт/с электр энергиясын бере элек, бирок толугу менен беребиз дешти. Ошондой эле алар бизге транзит да берип жатышат», – деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычында бүгүн, 15-февралга карата 8.575 млн куб метр көлөмүндөгү суу бар. Суунун тартыштыгынан улам, республика учурда Токтогул ГЭСиндеги өндүрүштү азайтып, электр энергиясын импорттон алып жатат.

  • Суу сактагычтагы суунун максималдуу деңгээли –  19.5 млрд кубометр, нормалдуу көлөмү – 17.3 млрд болсо, пайдалуу өлчөмү – 14 миллиардды түзүш керек. Бирок кургакчыл мезгилдерден улам Токтогулдагы суу азайып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды