Кыргызстанда ата мекендик продукция – «Белес» автобусу чыга баштады

Кыргызстанда ата мекендик продукция –  «Белес» автобусу чыга баштады

Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ата мекендик автобустарды кураштыруу менен алектенген «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Белес.kg» ТС — WMI Code K59 уникалдуу кодун берген «SAE» (АКШ)  автоунаа инженерлери тарабынан тастыктама алып, бул өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачкан. 

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөр менен тыгыз байланыш түзүлүп, DAF Components (Нидерланд), ZF Friedrichshafen AG (Германия), НПП ИТЭЛМА (Россия) жана SSAB (Швеция) чет элдик компаниялар менен тетиктерди алууга келишимдер түзүлгөн.

Белгилей кетүүчү нерсе, нөлдөн баштап, толук кураштыруу кыргызстандык адистер тарабынан ишке ашат, ошондуктан автобусту толугу менен ата мекендик продукция деп атоого болот.

Бүгүнкү күндө Евро 5 стандартындагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттун сыноодогу үлгүсүн чыгаруу аяктады.

Жакынкы күндөрү үлгү лабораториялык жана талаа сыноолорунан өтүү үчүн Кыргызстандын сыртына жөнөтүүгө даярдалып, андан соң өндүрүштүк масштабда чыгаруу пландалууда.

«Beles.kg» компаниясынын өкүлдөрү белгилегендей, долбоор ички жана тышкы рынокко багытталган ата мекендик автоиндустрияны түзүүгө багытталган. Бул өндүрүш тектеш тармактарды тартуу жана өлкөдө кошумча жумуш орундарын түзүү менен мультипликативдик натыйжа берет деп болжолдонууда.

Биринчи ата мекендик автобусту Садыр Жапаров өзү рулга отуруп сынап көрдү. Ал жүргүнчүлөр үчүн сапат, коопсуздук жана ыңгайлуулук боюнча бардык заманбап талаптарга жооп берген ишенимдүү автобустарды чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысы мындай долбоорлорду ишке ашыруу өлкөдөгү бир катар социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечерин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды