Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов коррупцияга шектелип, тергөө абагына камакка алынган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкектин Биринчи Май райондук соту тастыктаган.

Берилген маалыматка таянсак, Мамытов УКМКнын кызматкерлери тарабынан Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кармалып, ал 8-мартка чейин камакка алынган.

Ал эми ОКӨФ бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Эскерте кетсек, Нурлан Мамытов башкармалыктын мүчөсү болуп 2021-жылдын июнь айында жумушка киришкен.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды