Тимур Файзиевдин энергиясын бизге да жумшасакпы дедик – Акылбек Жапаров «Асман» шаары боюнча

Тимур Файзиевдин энергиясын бизге да жумшасакпы дедик – Акылбек Жапаров «Асман» шаары боюнча

Бүгүн, 15-февралда өткөн маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлдөгү «Асман» шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекцияны жетектеген «Элит Хаус» курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиевдин ишмердиги тууралуу да жооп берди.

Жапаровдун айтымында, эгерде сот Файзиевди күнөөлү деп тапса, коомчулукка кесепети тийсе, анда ал түрмөдө отуруш керек.

«Кайсы бир күнөөсү үчүн айып пул төлөп чыкса, анда арабызда толук жашаганга укугу бар», – деди ал.

Жапаров Тимур Файзиевди көптөн бери билгенин, «Асман» шаарын куруу буга чейин кыял болгон болсо, азыр жумуш биринчи этапка келип калганын жана Файзиев бул ишке жарай тургандыгына үмүт артканын билдирди.

«Генералдык план куруусу керек, ошонун баарына бул жигит жарайт. Энергиясы дагы, акыл-эси дагы, мүмкүнчүлүгүн дагы бар. Үй куруп сатып, акча таппай, талантын, энергиясын бизге да жумшасакпы деген ой-пикирди айтсак, макул болду. Азыр 1 млн долларга чейин өзүнүн акчасын сарптап, архитекторлорду, инженерлерди, геодезисттерди алып келип, генпландын үстүндө иштеп жатат», – деди.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Файзиев курган бир топ мекемелерди барып көргөнүн жана азыркы долбоорду ишке ашырууга бираз убакыт берүү керектигин айтты.

«Бул дагы фейсбукка чыгып, өзүнүн оюн эркин айтып, лекция окуп, акча таап көнүп алган жигиттердин бири экен. Азыр эми өкмөттүн жумушуна келгенден кийин тизгиниңди тартып, жумушуңду жасап, жыйынтыгын көрсөт деп атабыз. Бир топ мекемелерди курган экен, барып көрдүм, аларды ишке ашырганын, командасын көрүп, балким, бизге жардам береби дедим. 2-3 ай убакыт берип көрөлү», – деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды