«Upim» брендинин дүкөнү жоопкерчиликке тартылды – жарнамасы талапка жооп бербейт

Талаптагыдай эмес жарнама таратылган үчүн «Upim» брендинин дүкөнү жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу  Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.

Бишкек шаарынын аймагында мониторинг учурунда, ак жана кара фондо «Upim» деген жазуусу бар, бирок жарнакталуучу товар тууралуу  маалыматы жок жарнамалар көрнөк-жарнактарда ​​жана LED-экрандарда таратылып жаткан.

Монополияга каршы агенттик таратылып жаткан жарнама КРнын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 6-беренесинин 4-абзацынын талаптарына ылайык келбегенин, анткени таратылып жаткан жарнама таанылгыс жана жарнамаланган товар жөнүндө олуттуу маалыматтардын жоктугунан жазгырмалуу болгонун айтат.

Материалдардын териштирүү иштеринин жыйынтыгынан кийин, талаптагыдай эмес жарнама таратылып жаткан үчүн «Upim» брендинин продукциясын КРда саткан «Смарт Фешн» ЖЧКсынын дарегине айып түрүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом чыгарылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды