Жалал-Абадда кар көчкү түшүп, 3 жаран дайынсыз болууда

Жалал-Абадда кар көчкү түшүп, 3 жаран дайынсыз болууда

Кечээ, 14-февралда саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районуна караштуу Түндүк – Түштүк (Балыкчы – Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Кар көчкү «Чайна Роуд» ишканасына тиешелүү Нива, жүктөгүч жана 2 экскаватор унааларын басып калып, 3 киши дайынсыз болууда.

Жерине Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 6 куткаруучусу, Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, ӨКМдин жалпы 20 куткаруучусу тартылган. Учурда «Чайна Роуд» ишканасынан 4 даана жүктөгүч, 30 кызматкер тартылып издөө жана кар көчкүнү тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Кошумчалай кетсек, ушул эле жолдо саат 17:30да дагы кар көчкү түшкөн. Натыйжада, эки жол тандабас унаа кардын астында калып, унаа эңкейиштен дарыяга түшүп кеткен. Эки кыргызстандык жана бир кытай жараны жабыркаган. Бир жумушчу да дайынсыз жоголгон жана анын өздүгү такталууда. Ал эми жабыркаган эки кызматкер Сузак районунун Октябрь айылындагы ооруканага жеткирилген.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды