2021-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд доллардан ашты

2021-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы+ички) 2021-жылдын 31-декабрына карата алдын ала маалыматтар боюнча 5 млрд 147 млн долларды (436 млрд сомдон ашык) түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги жарыялады.

Тышкы мамлекеттик карыз 4 млрд 294 млн доллар (364 млрд сом) суммасында калыптанып, мамлекеттин жалпы карызынын 83%ын түздү. Ички милдеттенмелер 852 млн долларды (72 млрд сом), тагыраак айтканда, мамлекеттик карыздын 17%ын түзгөн.

Белгилей кетсек, тышкы мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөрдүн туу чокусу жакындап баратат. Ал 2025-жылы башталып, 2030-жылга чейин уланат. Бул жылдар аралыгында Кыргызстан жылына 400 млн доллардан ашык төлөп турат.

Мындан тышкары окуңуз

БАЭ башкаруучулар үй-бүлөсүнүн мүчөсү Мансур Нахайян "Ала-Тоо Резорт" долбооруна кызыкты

БАЭ башкаруучулар үй-бүлөсүнүн мүчөсү Мансур Нахайян "Ала-Тоо Резорт" долбооруна кызыкты

"Ала-Тоо Резорт" долбооруна Бириккен Араб Эмираттарынын башкаруучу үй-бүлөсүнүн мүчөсү, шейх Мансур бин Зайд Аль Нахайян кызыгуу билдиргенин "Ала-Тоо Резорт" ААКы маалымдады. Маалыматка ылайык, шейхтин кеңсесинин өкүлдөрү менен компаниянын жетекчилиги онлайн форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Тараптар Кыргызстанда жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластерин куруу боюнча инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашкан.

Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

2025-жылы чет мамлекеттерде каза болгон 456 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилгенин Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Анын айтымында, бул максатка 53 миллион сом жумшалган. "Бизде

ЕРӨБ Борбор Азияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейтти

ЕРӨБ Борбор Азияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейтти

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Монголияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейткенин банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Risk Sharing Framework (RSF) алкагында ЕРӨБ өнөктөш банктар тарабынан жеке секторго берилген насыялардын кредиттик тобокелдиктеринин 50%ына чейинкисин өзүнө алат. Бул механизм банктарга чакан жана

Айыл чарба министрлиги мигранттарга 200 миң гектар кароосуз жерлерди берүүгө даяр

Айыл чарба министрлиги мигранттарга 200 миң гектар кароосуз жерлерди берүүгө даяр

МинКаб эмгек мигранттарына иштетүү үчүн 200 миң гектар кароосуз жаткан жерлерди берүүгө даяр экенин Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Анын айтымында, жүргүзүлгөн ревизиянын