Министр дыйкандарга берилчү үрөндөрдүн так баасын жана берилчү күндөрүн айтты
Бүгүн, 16-февральда Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Россиядан алынып келинип, дыйкандарга берилчү үрөндөрдүн так бааларын айтты.
Министрдин айтымында, үрөндөр жолдо келе жатат. 22-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына дыйкандар өздөрү берген арыздарынын негизинде таратылат.
Россиядан келген үрөндөрдү дыйкандар «Айыл Банк» аркылуу 2 жылдык мөөнөткө, күрөөсү жок, жылдык үстөк пайызы 4.5% менен ала алышат.
Ошондой эле Жаныбеков алардын так бааларын айтып, жол чыгымдары менен кошо эсептелгенин кошумчалады.
Баалары:
- Жаздык буудай «Элита» – 45 сом 30 тыйын, биринчи репродукциясы – 45 сом 10 тыйын
- Арпа «Элита» – 53 сом 85 тыйын, биринчи репродукциясы – 47 сом 6 тыйын
- Сафлор –112 сом
- Күн карама – 399 сом
- Соя – 90 сом
- Беде – 632 сом
«Үрөндөр Россиядагы илимий изилдөө институттарынын базасында үрөөнчүлүк жаатында иш алып барып жаткан чарбалардан алынууда. Заманбап сорттогу жаздык буудай, жаздык арпа, сафлор, соя, күн карама, кара беде жана буурчак үрөндөрү келет», – деди министр.