Бишкекте 24-февралда масштабдуу суу өчүрүү болот

Бишкекте 24-февралда масштабдуу суу өчүрүү болот

Бишкек шаарында 24-февралда ичүүчү суу кеңири масштабда өчүрүлөрүн Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, ошондой эле өндүрүштүк жана социалдык-тиричилик объекттерине суу берилбейт.

Өчүрүү аймагы: Октябрьская көчөсү — ВБЧК — Аламүдүн дарыясы — Путепроводная көчөсү.

"Бишкексууканал"муниципалдык ишканасы билдиргендей, чектөө ХБО суу алуучу жайындагы авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу.

Коммуналдык кызмат шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда алдын ала суу камдап алууну өтүндү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды