Министр дыйкандарга берилчү үрөндөрдүн так баасын жана берилчү күндөрүн айтты

Министр дыйкандарга берилчү үрөндөрдүн так баасын жана берилчү күндөрүн айтты

Бүгүн, 16-февральда Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Россиядан алынып келинип, дыйкандарга берилчү үрөндөрдүн так бааларын айтты.

Министрдин айтымында, үрөндөр жолдо келе жатат. 22-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына дыйкандар өздөрү берген арыздарынын негизинде таратылат.

Россиядан келген үрөндөрдү дыйкандар «Айыл Банк» аркылуу 2 жылдык мөөнөткө, күрөөсү жок, жылдык үстөк пайызы 4.5% менен ала алышат.

Ошондой эле Жаныбеков алардын так бааларын айтып, жол чыгымдары менен кошо эсептелгенин кошумчалады.

Баалары:
  • Жаздык буудай «Элита» – 45 сом 30 тыйын, биринчи репродукциясы – 45 сом 10 тыйын
  • Арпа «Элита» – 53 сом 85 тыйын, биринчи репродукциясы – 47 сом 6 тыйын
  • Сафлор –112 сом
  • Күн карама – 399 сом
  • Соя – 90 сом
  • Беде – 632 сом

«Үрөндөр Россиядагы илимий изилдөө институттарынын базасында үрөөнчүлүк жаатында иш алып барып жаткан чарбалардан алынууда. Заманбап сорттогу жаздык буудай, жаздык арпа, сафлор, соя, күн карама, кара беде жана буурчак үрөндөрү келет», – деди министр.

Мындан тышкары окуңуз

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүлөт. Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чон-Капка – автожол” автомобиль өткөрүү пунктунда комплекстүү оңдоо иштери аяктады. Маалыматка ылайык, “Чон-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун оңдолушу менен жарандардын транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жакшырды. Ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын иштөөсү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 70

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм