Дыйкандарга жазда 41 миң тонна күйүүчү май керек, учурда анын жарымы эле бар
Быйылкы жылга 41 миң тонна май керек, анын 56% бар. Бул тууралуу бүгүн, 16-февральда Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков айтты.
Жаныбеков министрлик нефтетрейдерлер менен келишим түзөөрүн белгилеп өттү.
«Жазгы талаа жумуштарына 41 миң тонна дизелдик май керек, бизде азыр анын 56% бүгүнкү күндө Кыргызстанда бар», – деди министр.
Ал эми буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов быйыл дыйкандарга 50 миң тоннага чейин күйүүчү май керек экендигин жана анын баасын дүң баадан дагы 40 тыйынга арзандатып беришээрин билдирген болчу.